Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык ооруканасында жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу аяктады. Долбоордун ишке ашырылышы 2020-жылы башталып, республикалык бюджети аркылуу каржыланган. Курулуштун тендердик баасы 67,7 миллион сомдон ашты.
Жаңы имарат учурдагы курулуш нормаларына жана стандарттарына ылайык салынды. Архитектуралык долбоор «Н» тамгасы түрүндө иштелип чыгып, имарат эки кабаттан турат. Жалпы аянты 1563 м² түзөт. Жугуштуу оорулар бөлүмү бейтаптарга натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык медициналык жана техникалык жабдуулар менен камсыздалат.
Курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Курлуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.