Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында С.Казакбаев атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда. Долбоо 2024-жылдан тарта ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Курулуштун тендердик баасы 127 млн сомдон ашат.
Жаңы мектеп 375 окуучу орунга эсептелип, үч негизги блоктон турат. Долбоого ылайык, төмөнкүдөй шарттар каралган:
• китепкана жана окуу залы,
• ашкана,
• заманбап компьютердик класс,
• медициналык кабинет,
• химия, биология жана физика сабактарына арналган лабораториялар,
• актовый зал жана спорт залы.
Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.