Бүгүн, 2025-жылдын 5-июнунда «Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш министри Н.К. Орунтаев Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган, саркынды сууларды тазалоочу жайды жана насостук станцияларды, ошондой эле канализациялык коллекторлорду куруу боюнча подряддык компаниялар менен келишимге кол койду.
Келишим Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Кытай Республикасынын China Road and Bridge Corporation, Tianjin Rong Tai Water Co., Ltd, жана Tianjin Motimo Membrane Technologies Co., Ltd, ошондой эле Түркия Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ALCATAS-MESMER биргелешкен ишканасынын ортосунда түзүлдү.
«Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоору инновацияларга жана таза технологияларга басым жасоо менен экономиканын туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүн жакшыртууга багытталган. Долбоордун натыйжасында Чолпон-Ата шаарында гендердик факторлорду эске алуу менен туризмди туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү башкарууну жакшыртуу күтүлүүдө. Долбоордун бенефициарлары – Чолпон-Ата шаарынын жана ага жакын жайгашкан Бостери, Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылдарынын жашоочулары жана эс алуучулар.