icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ага Хан архитектура боюнча сыйлыгынын 16-тапшыруу аземин Бишкек шаарында өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыргыз Республикасынын Курулуш министри Ага Хан өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда Ага Хан архитектура боюнча сыйлыгынын 16-тапшыруу аземин Бишкек шаарында өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ага Хан сыйлыгы — архитектура тармагындагы дүйнөдөгү эң абройлуу эл аралык сыйлыктардын бири болуп саналат жана ар үч жылда бир ирет ыйгарылат. Сыйлыктын байге фонду 1 миллион АКШ долларын түзүп ал дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөлөрүнөн тандалып алынган бир нече лауреаттардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Кыргыз Республикасы бул салтанаттуу иш-чараны өткөрүүчү мүмкүн болуучу жай катары каралууда. Бул болсо дүйнөлүк коомчулуктун өлкөнүн архитектуралык жана маданий мурасына болгон кызыгуусу артып жатканын көрсөтүп турат.