Бүгүн, 18-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.
Төмөнкүлөр ант беришти:
—архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев;
— саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев;
— маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев;
— санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов;
— агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева;
— илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов;
— коргоо министри Руслан Мукамбетов.