Курулуш министрлигинде санариптик трансформациянын алкагында маалыматтык моделдөө технологиясын этап-этабы менен киргизүүнүн жол картасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө BIMди колдонуунун учурдагы абалы талкууланып, чет элдик тажрыйбаны изилдөөнүн жана аны жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруунун зарылдыгына токтолушту.
Жыйындын катышуучулары ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу, кадрларды окутуу жана даярдоо, ошондой эле курулуш долбоорлоруна курулуш материалдарын акырындык менен киргизүү зарылдыгын белгилешти.