icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Документы

"Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы №39-чуа “КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө



Балдардын оюн аянтчаларында жана эс алуу зоналарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.А. Касымалиевдин 2025-жылдын 9-августундагы № 14-20032 тапшырмасын аткаруу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын               3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги №221 “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө” жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы №39-чуа “КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери бекитүү тууралуу” буйругу менен бекитилген КР КЧ 30-01:2020 “Шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 5.12.2 пункту менен толукталсын:

5.12.2 Балдар аянтчаларынан жолдорго (жол тилкеси) чейинки аралык жолдун категориясына жараша 20 метрден кем эмес болушу керек.”.

2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн кийин күчүнө кирет.


Скачать