“Кыртыштык-геологиялык шарттарын (1994-жылга комплекстүү сейсмикалык микрорайондоштуруу картасынын алкагында Ош шаарынын аймагы үчүн эсептик акселограмма) эске алуу менен баллдуулугу көрсөтүлгөн Ош шаарынын аймагынын административдик-аймактык реформаларга чейинки сейсмикалык микрорайондоштуруу картасын бекитүү жөнүндө”
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы ченемдик базаны түзүү жана өнүктүрүү, сейсмикалык кооптуу райондордо долбоорлонуучу жана курулуучу имараттардын жана курулмалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ченемдик документтерди Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле заманбап илимий жана инженердик маалыматтарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.
«Кыртыштык-геологиялык
шарттарын (1994-жылга комплекстүү сейсмикалык микрорайондоштуруу картасынын
алкагында Ош шаарынын аймагы үчүн эсептик
акселограмма) эске алуу менен баллдуулугу көрсөтүлгөн Ош шаарынын аймагынын
административдик-аймактык реформаларга чейинки сейсмикалык микрорайондоштуруу
картасы» тиркемеге
ылайык бекитилсин.
2.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин
2025-жылдын 12-февралындагы № 57 “Ош шаарынын сейсмикалык кичирайондоштуруу картасын
иштеп чыгуу жөнүндө” буйругу
күчүн жоготту деп
таанылсын.
3.
Жер
титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
-
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө”
токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды
көрсүн;
-
расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн
ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий
тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун
жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине жөнөтүлсүн;
-
бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн
ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн
жөнөтүлсүн.
4.
Бул буйрук расмий жарыяланган
күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.


