icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Документы

Мектеп имараттарын долбоорлоо ченемдерине өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы
№ 78-
чуа КР КЧ 31-08:2024 Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна № 2 өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Мектеп имараттарын долбоорлоо боюнча ченемдерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы 115 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
22-апрелиндеги
№ 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам: 

1.                 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-августундагы № 78-чуа КР КЧ 31-08:2024 Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө буйругуна төмөндөгү мазмундагы № 2 өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КР КЧ 31-08:2024 Мектеп имараттары. Долбоорлоо ченемдери курулуш ченемдеринде:

-                     10.28-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2.                 Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:

-                     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
26-февралындагы
117 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

-                     расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;

-                     бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.

3.                 Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4.                 Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Скачать