Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча ченемдерди өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.
Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак
жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа “КР
КЧ 20-02:2024 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз
Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй мазмундагы № 3 өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген курулуш ченемдерине:
-
1.4-пункттун
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
-
6.4.2-пункттун
а) пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
-
6.4.3-пункттагы “6.4.2-пункттардагы” деген сөздөрдөн кийин “а)” символу күчүн жоготту деп таанылсын;
-
7.1.1-пункттун
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
-
Г тиркемесинин Г.1-таблицасынын эскертүүсүнүн
7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
“8 Эсептелген
ag ылдамдыктарынын
маанилери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда, анын ичинде калктуу
аймактардын чектеринде же В жана Г тиркемелеринин ортосундагы айырмачылыктар
болсо, сейсмикалык коркунучтун эң жагымсыз маанилери кабыл алынууга тийиш же
кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карталарды түзгөн уюмга кайрылуу керек”.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик
долбоорлоо мамлекеттик институту:
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын
расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык бул буйрукту расмий
жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
-
расмий жарыяланган күндөн тартып үч
жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде
кагаз жана электрондук түрдө эки нускада, көрсөтүлгөн буйруктун жарыялоо
булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине жөнөтсүн;
-
бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн
ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн
жөнөтүлсүн.
3.
Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн
өткөндөн кийин күчүнө кирет.


