1. Кыргыз Республикасынын курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына сметалык баалардын жыйнагы, 01-китеп. «Курулуш жана жол иштери үчүн материалдар».
2. Монтаждоо учурунда аларды бириктирүү үчүн буюмдар менен кошо берилүүчү жана комплекттелүүчү үстөк бөлүктөргө кеткен чыгымдар сметалык бааларга киргизилген эмес жана кошумча эске алынышы керек.
3. Сметалык баалары «м3» өлчөө бирдигине белгиленген буюмдар үчүн көлөм боштуктарды, тешиктерди жана оюуларды алып салуу менен долбоордук өлчөмдөр боюнча аныкталат. Аяктоочу (фактуралык) жана каптоочу катмарлар буюмдун көлөмүнө киргизилет.
4. Баалары «м2» өлчөө бирдигине белгиленген буюмдардын аянты ар бири 100 см2ден ашык аянттагы тешиктерди, көзөнөктөрдү жана оюуларды алып салуу менен долбоордук өлчөмдөр боюнча аныкталат (черектер алынып салынбайт).
5. Көлөмдүү бурчтук буюмдардын аянты буюмдун бурчтук кырынын узундугуна калыңдыгын көбөйтүүгө барабар болгон буюмдун учунун аянтын алып салуу менен жайылган чоңураак бети боюнча аныкталат.
6. Терезе, фрамуга ж.б. блоктор жана кутулар үчүн тешиктердин, ошондой эле көзөнөктөрдүн жана оюулардын аянты жарыктагы сызыктуу өлчөмдөр боюнча аныкталат.
7. Кабык панелдеринин аянты горизонталдык бетке проекция боюнча аныкталат.
8. Көлөмдүү элементтердин сырткы жана ички дубалдарынын, тосмолорунун, полунун жана шыбынын аянты тешиктердин аянтын, ошондой эле ар бири 100 см2ден ашык аянттагы оюуларды жана көзөнөктөрдү алып салуу менен аныкталат.


