icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Услуги

Материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын сметалык бааларынын жыйнагы 3-КИТЕП ЖАРЫМ ФАБРИКАТТАР

1. AI жана АII класстагы ысыктай прокатталган арматурага болгон сметалык баалар (С03-0102-0020 дан С03-0102-0037 ге чейинки коддор) кайноочу КП жана жарым тынч ПС маркасындагы болотту эске алат.

2. AIII класстагы ысыктай прокатталган арматурага болгон сметалык баалар (С03-0102-0038 ден С03-0102-0046 га чейинки коддор) болоттун маркасын көрсөтпөстөн түзүлгөн.

3. Даяр арматуралык каркастардын жана торчолордун (ширетилген жана токулган) сметалык баалары даярдалмалардын баалары боюнча аныкталат (С03-0102-0020 дан С03-0102-0046 га чейинки коддор; С03-0103-0160; С03-0107-0020 дан С03-0107-0022 ге чейинки коддор), жалпак жана көлөмдүү каркастарды жана торчолорду чогултуу жана байлоо үчүн кошумча акыларды эске алуу менен (С03-0105-0001 ден С03-0105-0024 ке чейинки коддор; С03-0106-0001 ден С03-0106-0002 ге чейинки коддор).

4. Экиден ашык ийилүү сызыгы бар ийилген каркастардын жана торчолордун сметалык баасы жалпак каркастардын жана торчолордун сметалык баасы боюнча төлөнөт, ал эми үч жана андан көп ийилүү сызыгы барлары - көлөмдүү каркастардын сметалык баасы боюнча төлөнөт.

5. Сметалык баалары "м3" өлчөө бирдигине белгиленген курама темир-бетон буюмдары үчүн кысууга туруктуулугу боюнча бетондун долбоордук маркалары көрсөтүлгөн. Мында оор бетондон жасалган буюмдардын сметалык бааларында 1-таблицада көрсөтүлгөн суукка туруктуулук (Мрз) жана суу өткөрбөөчүлүк (МПа) боюнча бетондун маркалары эске алынган.

Скачать