1. Сметалык баалар курулуш болот конструкцияларына жана жеңил металл конструкцияларына белгиленген.
2. Сметалык баалар (С09-0101-0002ден С09-0101-0006га чейинки коддор; С09-0102-0001; С09-0102-0002; С09-0104-0040; С09-0106-0001; С09-0106-0002; С09-0109-0001; С09-0109-0002; С09-0109-0020; С09-0111-0001; С09-0205-0001; С09-0205-0002; С09-0309-0080;) жеңил металл конструкцияларына жана курулуш болот конструкцияларына даярдоочу ишканалардын сатуу бааларынын негизинде аныкталган жана ГОСТтордун, ТУнун жана типтүү долбоорлордун талаптарына жооп берет.
3. Жеке долбоорлор боюнча даярдалган конструкцияларга сметалык баалар (С09-0101-0001; С09-0112-0001; С09-0411-0001 коддору) төмөнкү маалыматтар менен мүнөздөлөт: − материалдар: фасондук жана барактык болот прокат - С235 болот; − заводдук бириктирүүлөрдүн түрү: корголгон газдардын чөйрөсүндө жарым автоматтык электр ширетүү СО2+А4 же СО2 менен, андан кийин тигиштерди жана тигиштин жанындагы зонаны тазалоо же флюс катмарынын астында автоматтык ширетүү; ширетүү бириктирүүлөрү тиешелүү СНиПте каралган ыкма жана көлөм боюнча сапатты көзөмөлдөөдөн өтөт; − монтаждоо бириктирүүлөрүнүн түрлөрү: электр ширетүү, кадимки бекемдиктеги болттордогу болттук бириктирүүлөр жана конструкциялардын массасынын 0,5%ке чейинки болттордун массасындагы жогорку бекем болттордогу бириктирүүлөр, жогорку бекем болттордогу жылышууга туруктуу бириктирүүлөр үчүн беттерди даярдоо эске алынган эмес; − коррозиядан коргоо: бетти майсыздандыруу менен щеткалар менен тазалоо, бир жолу ГФ-021 грунт менен грунттоо; − монтаждык даярдык даражасы: металл конструкцияларынын заводдору тарабынан болот конструкцияларын жеткирүү боюнча нускамага ылайык, габариттик туурасынан кеткен өлчөмдөрү боюнча чектөө менен - темир жол габаритинин контурунун чегинде, узундугу боюнча - 13,5 м ашпаган, чогултуу бирдигинин массасы 20 тоннадан ашпаган.


