1. Сорттук жана фасондук болот прокатынын сметалык баалары (коддору С10-0101-0011ден С10-0101-0021ге чейин; С10-0102-0020дан С10-0102-0055ке чейин; С10-0107-0001ден С10-0107-0011ге чейин; С10-0109-0001ден С10-0109-0011ге чейин; С10-0110-0001ден С10-0110-0018ге чейин; С10-0115-0008ден С10-0115-0029га чейин; С10-0119-0059дан С10-0119-0069га чейин) 1 жана 2-группалар үчүн бетинин сапаты менен 1-категория үчүн тынч болоттон белгиленген. 3-группа үчүн бетинин сапаты менен прокат 3% кошумча төлөм менен бааланат. Башка категориядагы прокат 1-таблица боюнча сметалык бааларга кошумча төлөм менен, ал эми С345 жана С375 маркаларынан жасалган прокат 2-таблица боюнча бааланат.


