1. Турак жай жана коомдук имараттардын терезелери менен эшиктери жана өнөр жай имараттарынын эшиктери үчүн темир буюмдардын комплекттеринин курамы 1-таблицада келтирилген. Өнөр жай имараттарынын терезелери үчүн темир буюмдардын комплекттеринин курамы долбоордук маалыматтар боюнча кабыл алынышы керек, мында айрым темир буюмдардын сметалык баалары "даана" өлчөө бирдигине карата бөлүмдүн тиешелүү позициялары боюнча кабыл алынышы керек.
2. Терезелер менен эшиктер үчүн темир буюмдардын сметалык баалары эки вариантта келтирилген:
2.1. көзөнөктөрдү өзүнчө элементтер менен толтурууда;
2.2. көзөнөктөрдү блоктор менен толтурууда (илмектердин наркы алынып салынган).
3. Кулпуларды болот эшик чынжыры менен комплекттөөдө кулпунун сметалык баасына 20% өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.


