1. Сметалык баалар тегерек жыгач материалдарды тазалап кабыгынан ажыратуу наркын эске алат (кен устундарынан жана кен таянычтарынан тышкары, алардын сметалык баалары орой кабыгынан ажыратуу наркын эске алат).
2. Узундугу 6,5 м ашык ийне жалбырактуу жыгач материалдарынын сметалык баалары тиешелүү сорттогу жана калыңдыктагы 4,0-6,5 м узундуктагы ийне жалбырактуу жыгач материалдарынын сметалык баалары боюнча 20% кошумча менен кабыл алынышы керек.
3. Жумшак жалбырактуу дарактардан жана кайыңдан жасалган обапол ийне жалбырактуу дарактардан жасалган обаполдун сметалык баалары боюнча 30% арзандатуу менен кабыл алынышы керек.
4. Узундугу 2,0 жана 2,5 м болгон устундардын сметалык баалары 3-6 м узундуктагы устундардын сметалык баалары боюнча 10% арзандатуу менен кабыл алынышы керек.
5. Тыгыздык тегерек жыгач үчүн 0,7 т/м3, сиңирилген жыгач үчүн 0,8 т/м3, арааланган жыгач үчүн 0,6 т/м3 деп кабыл алынган.
6. Жыгач конструкцияларынын жана буюмдарынын орточо сметалык баалары ийне жалбырактуу (карагайдан тышкары), жумшак жалбырактуу дарактардан жана кайыңдан жасалган буюмдарды карайт.
7. Эгерде карагайдан жана катуу жалбырактуу дарактардан жасалган конструкциялар жана буюмдар колдонулса, анда ушул бөлүмдө каралган сметалык бааларга 1-таблицага ылайык коэффициенттер колдонулат.
8. Карагайдан жана катуу жалбырактуу дарактардан жасалган конструкциялардын жана буюмдардын массасын эсептөөдө, жыйнакта келтирилген массаны тиешелүүлүгүнө жараша 30 жана 50% көбөйтүү керек.


