icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Услуги

Материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга сметалык баалардын жыйнагы 16-КИТЕП ТРУБАЛЫК ДАЯРДАМАЛАР, КОШУУЧУ БӨЛҮКТӨР ЖАНА АЛАРГА БЕКИТКИЧТЕР

1. Китепте санитардык-техникалык түтүктөрдү (жылытуу, суу түтүгү, канализация, ысык суу менен камсыздоо, газ), тышкы суу түтүктөрүн, канализацияны, жылуулук менен камсыздоону, көчө газ түтүктөрүн, магистралдык мунай-газ түтүктөрүн жана башкаларды төшөөдө эң көп колдонулган техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болоттон, чоюндан, асбест-цементтен жана керамикалык түтүктөрдүн сметалык баалары келтирилген.

2. Суу-газ өткөргүч түтүктөрүнүн сметалык баалары муфтасыз, кадимки тактыктагы өлчөмсүз узундуктагы түтүктөрдү карайт. Эгерде түтүктөр муфталар менен жеткирилсе, анда акыркылары ушул бөлүмдө келтирилген сметалык баалар боюнча бааланат.

3. Жипсиз суу түтүктөрүнө 2% өлчөмүндө арзандатуу кабыл алынат.

4. Сметалык баалар капталбаган ийилчээк чоюндан жасалган бириктирүүчү бөлүктөргө белгиленген. Цинктелген бириктирүүчү бөлүктөр колдонулганда 45% өлчөмүндө кошумча акы кабыл алынышы керек.

Скачать