1. Кыргыз Республикасынын материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга сметалык баалардын жыйнагы, 17-китеп. "Түтүктөр үчүн арматура жана суу бөлүүчү арматура".
2. Бул жыйнакта келтирилген сметалык баалар арматурага белгиленген:
ички санитардык-техникалык системалар үчүн (өндүрүштүк системаларды кошкондо) суу түтүктөрү, канализация, газ менен камсыздоо жана жылуулук менен камсыздоо (буу, ысык суу), шарттуу басым 1 (10) МПа (кгс/см2) чейин;
бардык системалардын тышкы суу түтүктөрү үчүн, анын ичинде технологиялык муктаждыктар жана кайтарым суу менен камсыздоо үчүн - басым 2,5 (25) МПа (кгс/см2) чейин;
газ түтүктөрү үчүн - басым 1,2 (12) МПа (кгс/см2) чейин;
жалпы багыттагы тышкы жылуулук тармактарын төшөө үчүн (жылытуу, желдетүү, ысык суу менен камсыздоо, жылуулук алып жүрүүчү - буу жана ысык суу, жер астындагы жана жер үстүндөгү төшөө менен - шарттуу басым 2,5 (25) МПа (кгс/см2) чейин жана температурасы 300˚ С жогору;
суу менен камсыздоонун, газ менен камсыздоонун, жылуулук менен камсыздоонун магистралдык түтүктөрүн төшөө жана атайын багыттагы объекттерди куруу үчүн – 1.2, 1.3, 1.4-пункттарда көрсөтүлгөндөн ашкан басымдарда жана температураларда.


