1. Кыргыз Республикасынын материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга болгон сметалык бааларынын жыйнагы, 23-китеп. "Желдетүү жана абаны кондициялоо системаларынын материалдары жана буюмдары".
2. Электр кыймылдаткычтары бар желдетүүчү орнотмолордун сметалык баалары электр кыймылдаткычтарынын наркы менен кошо келтирилген.
3. Аба өткөргүчтөрдүн бааларына тешиктерди жасоо, ширетүү жана тигиштердин тыгыздыгын текшерүү наркы киргизилген эмес.
4. Жука барактуу коррозияга туруктуу болоттон жасалган аба өткөргүчтөрдүн жана башка буюмдардын баалары 12х18Н10Т маркасындагы коррозияга туруктуу болоттун наркынан келип чыгып белгиленген. Эгерде аба өткөргүчтөр башка маркадагы коррозияга туруктуу болоттон жасалса, анда баштапкы металлдын наркындагы айырманын өлчөмүндө ушул бөлүмдүн бааларына арзандатуу же кошумча төлөм жүргүзүлөт.
5. Желдетүүчү кирүүчү орнотмолордун (ЖКО) сметалык баалары жабдуулардын наркысыз келтирилген.
6. Желдетүүчү камералар үчүн эшиктердин наркы сметалык баалардын жыйнагынын 09-бөлүмүндө камтылган.


