1. Кыргыз Республикасынын материалдарга, буюмдарга жана конструкцияларга болгон сметалык бааларынын жыйнагы, 26-китеп. «Арматура, айнек жана жарык берүүчү приборлор».
2. Жарык берүүчү арматуранын сметалык наркы жарык техникалык айнектин наркы менен кошо эсепке алынган.
3. Люминесценттик лампалары бар электр жарык берүүчү арматуранын сметалык наркы лампалардын жана стартерлердин наркын эсепке албайт.
4. Жануу лампалары бар электр жарык берүүчү арматуранын сметалык наркы лампалардын наркын эсепке албайт.
5. Электр жарык берүүчү арматуранын сметалык наркы (жануу лампалары бар арматурадан тышкары) ишке киргизүүчү-жөнгө салуучу аппараттардын (ПРА) наркын эсепке алат, «ПРАсыз» арматуранын сметалык наркы көрсөтүлгөн позициялардан тышкары.
6. Жогорку басымдагы разряддык лампалары бар (металлогалогендик, натрийлик, сымаптык) электр жарык берүүчү арматуранын сметалык наркы лампалардын жана коргоочу торчолордун наркын эсепке албайт.


