1. Бул Жыйнактын бөлүмүндө атомдук, буу турбиналуу, гидротехникалык, гидроаккумулятордук жана дизель электр станцияларын; өзүнчө котельныйларды; жылуулук тармактарын; электр подстанцияларын; аба жана кабелдик электр берүү линияларын, оңдоо-өндүрүштүк базаларды жана электр тармактарынын оңдоо-эксплуатациялык пункттарын; релелик коргоону; аварияга каршы автоматиканы жана электр тармактарынын туруктуулугун эсептөөнү; энергетикалык объектилерди диспетчердик башкарууну жана телемеханизациялоону; шаарларды жана поселокторду электр менен камсыздоону; айыл чарба ойдуң жерлерин, калктуу пункттарды, шаарларды жана өнөр жай ишканаларын инженердик коргоо курулмаларын; бургулоо-жаруу иштерин, ошондой эле суу сактагычтарды жана төмөнкү бьефти даярдоо менен байланышкан иш-чараларды иштеп чыгуунун баалары; жер астындагы курулмалар жана атайын иштер келтирилген.
2. Бул бөлүмдү колдонууда курулуш үчүн долбоорлоо иштеринин бааларынын Жыйнагын колдонуу боюнча Жалпы көрсөтмөлөрдү да жетекчиликке алуу зарыл.


