БААЛАРДЫ КОЛДОНУУ БОЮНЧА КӨРСӨТМӨЛӨР
1. Ушул Жыйнактын бөлүмүндө нефть өнөр жайынын объектилерин куруу үчүн долбоорлорду, жумушчу долбоорлорду жана жумушчу документтерди иштеп чыгуунун баалары келтирилген.
2. Ушул Жыйнактын бөлүмүн колдонууда, ошондой эле "Курулуш үчүн долбоорлоо иштеринин бааларынын Жыйнагын колдонуу боюнча жалпы көрсөтмөлөрдү" жетекчиликке алуу зарыл.
3. Бөлүмдүн бааларында атайын суу пайдаланууга уруксат алуу үчүн материалдарды иштеп чыгуу эске алынган эмес.
4. Курулуш үчүн аянтты (трассаны) тандоо боюнча иштердин наркы тиешелүү объекттин долбоорун иштеп чыгуунун баалары боюнча 0,05 коэффициенти менен аныкталат. Атайын суу пайдалануу шарттарын алуу, ага керектүү эсептөөлөр менен кошо, курулуш үчүн аянтты (трассаны) тандоонун наркы менен эске алынган.


