1. Жыйнактын ушул бөлүмүндө ишканалардын комплексинен тышкары долбоорлоо учурлары үчүн ишканаларды жана айрым имараттарды, курулмаларды жаңы курууга долбоордук-сметалык документтерди жекече иштеп чыгуунун баалары келтирилген.
2. Баалар комплекстүү белгиленген, алар негизги, көмөкчү жана тейлөөчү багыттагы имараттарды жана курулмаларды, башкы планды жана транспортту, вертикалдык пландаштырууну, көрктөндүрүүнү, бардык түрдөгү ички аянттык тармактарды, суу сактагычтарды, экинчи көтөрүүчү суу түтүктөрүн жана канализациялык насостук станцияларды, локалдык тазалоо курулмаларын (суюктук жыйноочулар, ылай тундургучтар, кум кармагычтар, май кармагычтар ж.б.), эскертилген учурларды кошпогондо, иштеп чыгуунун наркын эске алат.


