icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Услуги

Курулуш үчүн долбоорлоо иштеринин баалар жыйнагына өзгөртүүлөр киргизилди 39-БӨЛҮМ ТУРАК ЖАЙ ЖАНА ЖАРАНДЫК ИМАРАТТАР

1. Ушул Жыйнактын бөлүмүндө турак жай жана жарандык имараттардын жана алардын комплекстеринин жеке долбоорлорун иштеп чыгуунун баалары камтылган.

2. Бириктирилген же блоктоштурулган имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле башка багыттагы орнотулган жайлары бар имараттарды курууга долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуунун наркы, эгерде бул бириктирүү, блоктоштуруу же орнотуу аларды долбоорлоо боюнча ченемдерде каралбаса, бириктирилген же блоктоштурулган өзүнчө имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле негизги имараттарды жана орнотулган жайларды долбоорлоонун бааларын суммалоо менен аныкталат. Мында негизги имаратты долбоорлоонун наркы I коэффициенти менен кабыл алынат, ал эми аны менен блоктоштурулган имараттардын же орнотулган жайлардын жалпы наркы заказчы менен макулдашуу боюнча төмөндөтүүчү коэффициент менен кабыл алынат.

3. Чоң архитектуралык мааниге ээ болгон жеке имараттардын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуунун наркы эмгек чыгымдары боюнча наркты эсептөө менен аныкталат. Имараттарды бул категорияга киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлөт.

Скачать