1. Жыйнактын бул бөлүмүндө техникалык, политехникалык, айыл чарба, медициналык жана башка жогорку окуу жайларынын окуу-лабораториялык жана окуу корпустарынын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуунун баалары келтирилген.
2. Лабораториялык корпустарды (блокторду), ЭЭМ борборлорун, студенттик ашканаларды, жатаканаларды, акты залдарын, китепканаларды, спорттук-саламаттыкты чыңдоо лагерлерин, жатаканалардын жанындагы тейлөө блокторун долбоорлоонун наркы курулушка долбоорлоо иштеринин бааларынын Жыйнагынын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча аныкталат.


