icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Услуги

Курулуш үчүн долбоорлоо иштерине баалардын жыйнагы 54-БӨЛҮМ ДАРЫЯ ТРАНСПОРТУ

1. Жыйнактын бул бөлүмүндө дарыя транспортунун объектилерин жана курулмаларын куруу үчүн долбоорлорду, жумушчу документтерди жана жумушчу долбоорлорду иштеп чыгуунун баалары келтирилген.

2. Жыйнактын бөлүмүнүн бааларына электр станцияларын, ЖЭБ жана котельныйларды, трансформатордук подстанцияларды, жер көчкүгө каршы иш-чараларды, дренажды жана өнөр жай аянтын гидрожууну, темир жолдорду жана ТЖМ станцияларын, жол өткөөлдөрүн жана көпүрөлөрдү, жерлерди рекультивациялоону, балык чарба бөлүмүн долбоорлоо наркы кирбейт.

3. Курулуштун түйүндүк ыкмасын колдонуу каралган объекттерди долбоорлоонун наркы бөлүмдүн баалары боюнча 1,1 коэффициенти менен аныкталат (54-16-таблицадан тышкары).

4. Баалардын ушул бөлүмүн пайдаланууда курулуш үчүн долбоорлоо иштеринин бааларынын жыйнагын колдонуу боюнча жалпы көрсөтмөлөрдү да жетекчиликке алуу зарыл.

Скачать