1. Бул жыйнактын ушул бөлүмүндө шаардык жолдорду, транспорттук тоннелдерди жана жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүн, жер астындагы коммуникациялык тоннелдерди (жер астындагы коммуникациялар үчүн коллекторлор), суу түтүктөрүн, канализацияны, жамгыр канализациясын, суу сактагычтарды, аймакты инженердик даярдоо схемаларын куруу үчүн жумушчу документтерди, долбоорлорду, жумушчу долбоорлорду иштеп чыгуунун баалары келтирилген. Бул жыйнактын бөлүмүн колдонууда курулуш үчүн долбоорлоо иштеринин бааларынын жыйнагын колдонуу боюнча жалпы көрсөтмөлөрдү да жетекчиликке алуу керек.


