Ушул Нускамалар Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы курулуш, кеңейтүү, реконструкциялоо жана иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды техникалык жактан кайра жабдуу учурунда жабдууларды монтаждоого Кыргыз элементтик сметалык нормаларын жана бааларын колдонуунун бирдиктүү тартибин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат. Нускамаларда келтирилген жоболор менчигинин жана уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, бардык деңгээлдеги мамлекеттик бюджеттин жана максаттуу бюджеттен тышкаркы фонддордун эсебинен капиталдык курулушту жүзөгө ашыруучу бардык ишканалар жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Каржылоо ишканалардын, уюмдардын жана жеке жактардын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү курулуштар үчүн ушул документтин жоболору сунуштоо мүнөзүндө болот.


