«Долбоорлоо иштерине келишимдик бааларды аныктоо боюнча усулдук сунуштар» республикада рыноктук мамилелердин өнүгүшү шартында бааларды коомдук зарыл эмгек чыгымдарына, материалдык жана долбоорлоо уюмдарынын башка чыгымдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Усулдук сунуштар долбоорлоо иштерине жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды аныктоо үчүн арналган, алардын негизинде долбоордук продукцияга келишимдик баалар түзүлөт жана долбоорлоо уюмдарына, ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы уюмдарга, юридикалык жана жеке жактарга (текст боюнча андан ары «Аткаруучу») колдонууга сунушталат.


