Ремонттук-курулуш иштерин жүргүзүүдө убактылуу имараттарды жана курулмаларды курууга кеткен чыгымдардын сметалык ченемдеринин жыйнагы (мындан ары - Жыйнак) капиталдык оңдоонун түрлөрү боюнча белгиленген ченемдердин негизинде титулдук убактылуу имараттарды жана курулмаларды курууга кеткен чыгымдарды аныктоо үчүн арналган. Ченемдер жаңы объекттерди куруу шарттарынан айырмаланган имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткаруунун өзгөчөлүктөрүн эске алат. Сметалык ченемдер жана жоболор турак жай-жарандык багыттагы объекттерди капиталдык оңдоону жүзөгө ашыруучу бардык ишканалар жана уюмдар үчүн, менчигинин түрүнө жана формасына карабастан милдеттүү болуп саналат. Сметалык ченемдер заказчы-курулушчулар жана долбоордук уюмдар, мамлекеттик башкаруу жана көзөмөл органдары, башкы подряддык курулуш уюмдары (фирмалар, ишканалар, бирикмелер), инвестициялык процесстин катышуучулары деп аталган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан колдонуу үчүн арналган.


