Чыныгы сметалык ченемдердин жыйнагы курулуш-монтаждоо иштерин кыш мезгилинде жүргүзүүдөгү кошумча чыгымдарды аныктоо үчүн арналган. Бул жыйнакта келтирилген жоболор жана сметалык ченемдер Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу өнөр жай курулушунун объекттеринде жаңы курулуштун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн жана иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды техникалык жактан кайра жабдуунун, оңдоо-курулуш иштерин аткаруунун сметалык наркын аныктоодо, ошондой эле аткарылган иштер үчүн эсептешүүлөрдө курулуш комплексинин ишканалары тарабынан колдонууга сунушталат.


