1.1. Бул Көрсөтмөлөр курулуп жаткан, реконструкцияланып жаткан, кеңейтилип жаткан жана техникалык жактан кайра жабдылып жаткан ишканаларда, имараттарда жана курулмаларда ишке киргизилип жаткан ишке киргизүү-жөндөө иштерине Кыргыз Республикасынын бирдик бааларынын жыйнактарын колдонуунун бирдиктүү тартибин белгилейт. Бул Көрсөтмөлөрдө КРЕРп жыйнактарына кирген ишке киргизүү-жөндөө иштерине карата бардык Кыргыз Республикасынын бирдик баалары үчүн жалпы болгон жоболор камтылган (КРЕРп), алардын тизмеси 1-тиркемеде келтирилген. КРЕРп жыйнактарынын техникалык бөлүктөрүндө жана кириш көрсөтмөлөрүндө жабдуулардын, түзүлүштөрдүн, системалардын тигил же бул түрлөрүн ишке киргизүүдөгү ишке киргизүү-жөндөө иштеринин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жоболор келтирилет, аларды тиешелүү КРЕРп жыйнактарын колдонууда эске алуу зарыл.
1.2. КРЕРп жыйнактары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу курулуштагы баа түзүү жана сметалык ченемдештирүү системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. КРЕРп жыйнактары тармактар аралык колдонуудагы жабдуулардын номенклатурасы боюнча иштелип чыккан.


