1.0. КЕРМ жыйнагынын 28-китебинде ("Тамак-аш өнөр жайы ишканаларынын жабдуулары") жабдууларды орнотуу боюнча тиешелүү техникалык шарттардын жана нускамалардын негизинде аныкталган иштердин комплексин аткарууга кеткен чыгымдар эске алынган, анын ичинде жабдууларды жылдырууга кеткен чыгымдар:
- горизонталдуу -- объектке жакын кампадан орнотуу жерине чейин 1000 мге чейинки аралыкта;
- вертикалдуу - каалаган кабаттын ичинде.
Жабдууларды нөлдүк белгиден (жер деңгээлинен) тиешелүү кабаттын полунун белгисине чейин көтөрүүгө кеткен чыгымдар сметаларда КЕРМ жыйнагынын 40-китеби боюнча аныкталат ("Жабдууларды орнотууга бирдик баалардын жыйнактарында каралгандан ашыкча жабдууларды жана материалдык ресурстарды кошумча жылдыруу").
1.1. Жыйнактын 28-китебинин бааларында монтаждоо иштерин жүргүзүү үчүн жумушчулардын эмгек акысынын 2% өлчөмүндөгү көмөкчү нормаланбаган материалдык ресурстар эске алынган.


