1.0. КРЕРм 40-жыйнагынын "Жабдууларды жана материалдык ресурстарды кошумча жылдыруу, жабдууларды монтаждоо боюнча бирдик баалардын жыйнактарында каралгандан ашык" бөлүгү жабдууларды жана материалдык ресурстарды КРЕРМде каралгандан ашык аралыкка кошумча жылдырууга кеткен чыгымдарды аныктоо үчүн арналган. 1.1. Жабдууларды жана материалдык ресурстарды кошумча горизонталдык жылдырууга кеткен чыгымдарды аныктоодо 50 метрге чейинки аралык эске алынбашы керек.


