1.1. Жүк жүктөө-түшүрүү иштерине сметалык баалар курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын автомобиль жана темир жол транспорту менен ташууда, аларды бир транспорт түрүнөн экинчисине которууда же материалдарды объектке жакын кампаларга которуу базалары аркылуу жеткирүүдө бул иштердин наркын аныктоо үчүн арналган.


