1.0. 05-жыйнакта "Казык иштери, чөктүрмө кудуктар, топуракты бекитүү" бардык курулуш түрлөрүндөгү чөктүрмө кудуктарды куруу жана топуракты цементтөө (цемент жана цемент-кум эритмелери менен), силикатташтыруу, чайырга айландыруу жолдору менен алардын бекемдигин, туруктуулугун жана суу өткөрбөстүгүн бардык курулуш түрлөрүндө жогорулатуу боюнча КРЕР камтылган. 1.1. 05-жыйнактын 1-бөлүмүндөгү КРЕРде негизги иштердин толук комплексин аткаруу каралган, алардын тизмеси иштердин курамында, ошондой эле көмөкчү жана кошумча иштерде келтирилген.


