1.0. 07-жыйнакта "Курама бетон жана темир-бетон конструкциялары" өнөр жай жана турак жай-жарандык курулушта курама бетон жана темир-бетон конструкцияларын орнотуу боюнча иштерди аткаруу үчүн КРЕР камтылган.
1.1. 07-жыйнактын КРЕРинде конструкцияларды орнотуу боюнча негизги иштердин толук комплексин аткаруу эске алынган, анын ичинде: материалдарды жана буюмдарды объектке жакын кампадан монтаждоочу крандын иштөө зонасына түшүрүү, керектүү сорттоо жана ташуу, көтөрүү, орнотуу, текшерүү жана конструкцияларды бекитүү.


