icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Услуги

Курулуш продукциясынын сметалык наркын эсептөөдө кошумча чыгымдардын көлөмүн эсептөө тартиби боюнча методикалык көрсөтмөлөргө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Ушул Методикалык көрсөтмөлөр курулуш продукциясынын сметалык наркын эсептөөдө кошумча чыгымдардын көлөмүн эсептөө тартибин аныктайт. Методикалык көрсөтмөлөрдө келтирилген жоболор бардык деңгээлдеги мамлекеттик бюджеттин жана мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын тартуу менен курулушту жүзөгө ашыруучу уюмдар үчүн ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан колдонууга милдеттүү. Методикалык көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасында рыноктук мамилелердин шартында түзүлгөн кошумча чыгымдардын нормаларынын системасы жөнүндө негизги маалыматтарды камтыйт. Методикалык көрсөтмөлөрдө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде, ошондой эле бухгалтердик эсеп боюнча колдонуудагы ченемдик актыларда жана башка документтерде камтылган жоболор эске алынган. Методикалык көрсөтмөлөр курулуштагы кошумча чыгымдардын көлөмүн аныктоо, жеке нормаларды эсептөө жана кошумча чыгымдардын ченемдерин колдонуу боюнча жалпы жоболорду камтыйт. Ушул документтин жоболору ошондой эле эл чарбасынын бардык тармактарынын имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоого да таркатылат.

Скачать