icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Услуги

Сметалык пайданы аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө өзгөртүүлөр киргизилди

Курулуштагы сметалык пайданын көлөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр курулуш иштеринин өздүк наркын пландоо жана эсепке алуу боюнча типтүү усулдук сунуштамалардын негизинде иштелип чыккан жана курулуштун сметалык наркын түзүүдө сметалык пайданын көлөмүн эсептөө принциптерин жана тартибин аныктайт. Усулдук көрсөтмөлөр курулуштагы жумуштарды аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө подряддарды жайгаштыруу боюнча конкурстарды өткөрүү үчүн тендердик документтерди иштеп чыгууда жана подрядчылар менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде белгиленген курулуш продукциясына келишимдик бааларды аныктоодо курулуш продукциясынын баштапкы (старттык) баасын аныктоо үчүн колдонулат. Усулдук көрсөтмөлөрдө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде, ошондой эле бухгалтердик эсеп боюнча колдонуудагы ченемдик актыларда жана башка документтерде камтылган жоболор эске алынган, тиркемеге ылайык. Усулдук көрсөтмөлөрдө келтирилген жоболор, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйрук берүүчү документтеринде башкача каралбаса, мамлекеттик бюджеттин, мамлекеттик кепилдиктер менен алынган мамлекеттик кредиттердин, мамлекеттик колдоо катары келип түшкөн башка каражаттардын эсебинен капиталдык курулушту жүзөгө ашыруучу бардык ишканалар жана уюмдар үчүн менчигинин түрүнө жана таандыгына карабастан милдеттүү болуп саналат. Ишканалардын, уюмдардын жана жеке жактардын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланган курулуштар үчүн ушул документтин жоболору сунуштоо мүнөзүндө болот. Усулдук көрсөтмөлөрдүн жоболору чарбалык ыкма менен аткарылган жумуштарга, ошондой эле тармактар боюнча имараттарды жана курулмаларды капиталдык оңдоого жайылтылат. Усулдук көрсөтмөлөрдө укуктук жана ченемдик-усулдук талаптар жана жоболор эске алынган.

Скачать