Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Лама айылында курулуп жаткан жаңы мектепти ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин тендердик наркы 86 миллион сомду түзөт.
Жаңы мектеп 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Курулуш иштери бардык талаптарга ылайык жүргүзүлүп, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат.
Мектин биринчи корпусу 1968-жылы, ал эми экинчи корпусу 2013-жылы курулуп пайдаланууга берилген.


