Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас райондук башкармалыгына барып, алардын жаңыдан курулуп жаткан имараты менен таанышты.
Долбоорго ылайык, жаңы имарат эки кабаттан турат. Анда кызматкерлер жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Объектинин курулушу ушул жылдын август айында башталган.
Белгилей кетсек,
башкармалыктын учурдагы имараты 1973-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Ал эми жаңы
имарат башкармалыктын азыркы жайгашкан аймагында курулууда.


