Бүгүн, 4-октябрда Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басары Бакай Турдугулов, департаменттин директору Замира Кангелдиева жана жергиликтүү башкармалыктын кызматкерлери катышты.
Министр куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаңы имараттын кызыл тасмасын кести.
Имараттын курулуш иштери министрдин тапшырмасы менен 2025-жылдын февраль айында башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын кызматкерлери эски жана талапка жооп бербеген имаратта иштеп келген. Эми кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттары бар заманбап, ыңгайлуу кеңсе курулуп, пайдаланууга берилди.


