icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Түп районунда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 4-октябрда Түп райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылышы болду. 


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басары, жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары, аймактык башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлер катышты. 


Жаңы имарат бир кабаттан туруп, жалпы 288 чарчы метр аянтты ээлейт. Анда жети кызматтык кабинет, жыйындар жана күтүү залы, ошондой эле техникалык бөлмө каралган.


Имарат заманбап архитектуралык жана техникалык талаптарга ылайык курулган. Мамлекеттик кызматкерлердин ыңгайлуу шартта иш алып баруусуна, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүсүнө багытталган.