Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин кыдырып, андагы курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Алгач, министр Тамчы айылында “Авангард” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан “Tamchy Resort” эс алуу борборуна барды. Бул ири долбоордо коттедждер жана таунхаустар курулуп, учурда курулуш иштери белгиленген мөөнөттөн алдыда жүрүп жатканы маалымдалды.
Андан соң министр “Urpaq Invest” компаниясы куруп жаткан “Urpaq Resort” төрт мезгилдүү курорттук резиденциясына барды. Бул долбоор да келечекте аймактагы ири эс алуу борборлорунун бири болот. Учурда курулуш иштери бекитилген планга жана долбоорго ылайык жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев “Елизавета” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан “Elizaveta Resort” комплексинин да курулушу менен таанышты.
Министр өз сөзүндө Ысык-Көл-туризмдин борбору экенин белгилеп, аймакта эл аралык стандарттарга жооп берген эс алуу жайларынын курулушу-өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууда маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошондой эле, министрлик тарабынан курулуш жана инфратүзүм тармагындагы долбоорлорду колдоо иштери улантыларын кошумчалады.


