Бүгүн, 5-октябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жана “Кыргызстан аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов “Манас” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплекси боюнча курулуш иштеринин жүрүшүн текшеришти.
Мониторинг учурунда долбоордун негизги этаптары, курулуштун ылдамдыгы, сапаты жана курулуштун мөөнөт тартиби боюнча маселелер талкууланды.
Жаңы комплекс эл аралык талаптарга жооп берген, кенен жана технологиялык шарттагы терминал болуп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Заманбап аэровокзалды 2026-жылдын жайында пайдаланууга берүү пландалууда.
Учурдагы курулуштун айынан айрым ыңгайсыздыктар жаралып жаткандыгына байланыштуу аэропорттун имаратына жүргүнчүлөр гана кире алат. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдү түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз.


