icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулууда

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы бала бакча курулуп жатат. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы 79 миллион сомду түзөт. 

Жалпы аянты 1256 чарчы метрди түзгөн имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалат. 

Курулуш иштери 2024-жылы башталган, азыркы тапта имараттын экинчи кабаты тургузулууда.