Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан райондук администрация жана жергиликтүү мекеме-ишканалар менен биргеликте Базар-Коргондогу мыйзамсыз курулуштарга карата текшерүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Кеңеш айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылында мыйзамсыз негизде өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзгөн 8 жаран аныкталып, алар тарабынан куюлган пайдубалдар буздурулду.
Белгилей кетсек,
аталган аймак боюнча Башкармалыктар тарабынан буга чейин эскертүү берилип,
жерди мурдагы абалына келтирүү талабы коюлган. Коюлган талаптар
аткарылбагандыгына байланыштуу мыйзам чегинде буздурулду.


