icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусундагы курулуш объектисинде темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин текшерүү үчүн көзөмөл сыноо жүргүзүлдү.

Сыноолор МамСТ 22690–2015 талаптарына ылайык жүргүзүлүп, темир-бетон конструкциялардын чыдамдуулугун аныктоого багытталган.

Мындай сыноолор курулуш материал жана конструкциялардын чыныгы абалын аныктоого, ошондой эле алардын техникалык ченемдерге шайкештигин тастыктоого мүмкүнчүлүк берет. Аталган сыноолордун жыйынтыктары курулуштун сапатын жана ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн колдонулат.