icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Тегизчил айылында 182 миллион сомго мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылында наркы 182 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, заманбап эки кабаттуу окуу корпусун жана спорт залынан турат. Жалпы аянты 1868 чарчы метрди түзгөн билим берүү имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Азыркы тапта мектептин дубалы тургузулууда.