icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Балыкчы шаарында Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш,архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги шаар жана райондордогу архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттарды курууда.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Балыкчы шаарындагы биринчи жаңы административдик имараттын ачылышына катышты.

Министр өз сөзүндө, курулуш архитектурадан башталаарын жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чоң долбоорлор иштелип чыга турган имараттарда бардык шарттар болушу керектигин белгиледи.

Жаңы, заманбап стандарттарга ылайык курулган имарат кызматкерлердин жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.

Бул имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички каражаттарынын эсебинен курулууда. Учурда республика боюнча ондон ашык жаңы имараттын курулушу жүрүп жатат.